ЕЭК жана ГЛОНАСС эл аралык жүк ташуулар үчүн санариптик сервистерди өнүктүрүүнү макулдаштыЭК жана МОМ миграцияны санариптештирүү жана жаңы механизмдерди талкуулаштыПодпольщиктер жана антифашисттер: душмандын оругунда күрөшкөндөрдүн урматына коюлган көчөлөрУКМК: Нарында бала бакчада иш жүзүндө иштебеген кызматкерлерге айлык төлөнүп келгенЖогорку Кеңеш ЕАЭБдин Монголия менен соода келишимин ратификацияладыМарлен Маматалиев «75 аксакалдын каты» боюнча билдирүү жасады
Дайынсыз жоголгон жигиттин кийимдери менен унаасы каналдын жээгинен табылды
01.07.2022 | 11:05
Кара-Суу районунда 27 жаштагы жигит үйүнөн чыгып кеткен боюнча дайынсыз болууда. ИИМ кызматкерлери анын Ак-Буура-Араван каналынын жээгинде унаасы жана кийимдерин табышканын ӨКМдин маалымат бөлүмү билдирди.
Маалыматка ылайык, 28-июнь күнү Төлөйкөн айылында 1995-жылы туулган А.уулу Б. аттуу эркек киши үйүнөн чыгып дайынсыз болгондугуна байланыштуу ИИМдин кызматкерлери издөө иш-чараларын жүргүзүшүп, натыйжада Ак-Буура-Араван каналынын жээгинде унаасы жана кийимдери табышкан.
30-июнь күнү издөө иштерин жүргүзүүгө Кара-Суу райондук №102 ӨКБдан 18 куткаруучу, ИИМден 5 кызматкер, жергиликтүү тургундардан 10 адам тартылып, саат 18:00дө издөө иштери убактылуу токтотулду. Бүгүн, 1-июль күнү издөө улантылууда.
Рубрики: Жаңылыктар, Коом