Данияр Амангелдиев ЕБдин санкциялар боюнча атайын өкүлү менен сүйлөштү

Министрлер кабинетинин төрагасынын биринчи орун басары Данияр Амангелдиев Европа Биримдигинин санкциялар боюнча атайын өкүлү Дэвид О’Салливан менен онлайн жолугушуу өткөрдү. Бул тууралуу өкмөттүн басма сөз кызматы билдирди.
Маалыматка ылайык, тараптар өнөктөштүктү, саясий диалогду жана соода-экономикалык, инвестициялык чөйрөлөрдөгү өз ара пайдалуу кызматташтыкты «жашыл» күн тартибинин алкагында кеңейтүүгө даярдыгын ырасташкан.
Ошондой эле санкциялык күн тартиби боюнча пикир алмашышкан. Бул контекстте Данияр Амангелдиев эл аралык милдеттенмелерди так сактоо менен экономикалык туруктуулукту жана эки тараптуу өз ара аракеттенүүнүн динамикасын сактоонун маанилүүлүгүн баса белгилеген.
Сүйлөшүүнүн соңунда тараптар ачык-айкындуулукка жана өз ара сыйлоого негизделген ачык жана конструктивдүү диалогго берилгендигин ырасташып, ошондой эле жакынкы аралыкта өз ара сапарларды өткөрүү боюнча макулдашышкан.