“Даңк” ордени менен сыйланган жарандардын тизмеси
Президент Садыр Жапаров “Кыргыз Республикасынын мамлекеттик сыйлыктары менен сыйлоо жөнүндө” жарлыкка кол койду. Бул тууралуу президенттин басма сөз кызматы билдирди.
Алар Кыргызстандын социалдык-экономикалык, интеллектуалдык жана маданий дараметин өнүктүрүүгө кошкон салымы үчүн, ошондой эле кесиптик жетишкендиктери үчүн сыйланышты.
“Даңк” ордени менен Кыргызстандын беш жараны сыйланды. Алар:
– Борубаев Назирбек Нарматович – Кыргыз Республикасынын Президентинин Администрациясынын Министрлер Кабинетинин чек ара маселелери боюнча атайын өкүлү;
– Жумаева Роза Ражаевна – “Демократиялык Кыргызстан аялдар комитети” коомдук бирикмесинин төрагасы;
– Омуралиева Гулсара Кушатовна – А. Мырсабеков атындагы Ош мамлекеттик педагогикалык университетинин биология, химия жана жаратылышты пайдалануу кафедрасынын профессору;
– Султанбекова Чолпон Аалыевна – Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин “Ишеним” парламенттик фракциясынын депутаты;
– И. Арабаев атындагы Кыргыз мамлекеттик университети – Бишкек шаары.
“Даңк” ордени кандай жетишкендик үчүн тапшырылат?
1) Кыргызстандын социалдык-экономикалык өнүгүү деңгээлин жана элдин бакубаттуулугун көтөрүүгө, тынчтыкты жана туруктуулукту сактоого өбөлгө түзгөн эмгектеги салымы үчүн;
2) илим, билим берүү жана саламаттык сактоо жаатындагы кошкон салымы үчүн;
3) мамлекеттик, кайрымдуулук жана коомдук иштер жаатындагы, мыйзамдуулукту, укуктук тартипти, коопсуздукту жана өлкөнүн коргонуу жөндөмдүүлүгүн чындоодогу кошкон салымы үчүн;
4) улуттук маданиятты, искусствону, тарыхты сактоого, жайылтууга жана өнүктүрүүгө, өсүп келе жаткан муунду патриоттук тарбиялоого кошкон салымы үчүн;
5) спортту илгерилетүүгө, колдоого жана жайылтууга кошкон салымы үчүн.
Биздин Телеграм каналга катталыңыз