Геннадий Базаров баштаган бир нече жаран «Манас» орденин алды (тизме)

Геннадий Базаров баштаган бир нече жаран «Манас» орденин алды (тизме)

Президент Садыр Жапаров «Кыргызстандын мамлекеттик сыйлыктары менен сыйлоо жөнүндө» жарлыкка кол койду. Бул тууралуу президенттин басма сөз кызматы билдирди.

Жарлыкка ылайык, бир нече жаран «Манас» ордени менен сыйланды:

II даражадагы «Манас» ордени менен:

Базаров Геннадий Садырович — «Кыргызтелефильм» чыгармачылык-өндүрүштүк кино-видео фирмасынын режиссеру, сценаристи;

Плоских Владимир Михайлович — Улуттук илимдер академиясынын Б. Джамгерчинов атындагы Тарых, археология жана этнология институтунун башкы илимий кызматкери;

III даражадагы «Манас» ордени менен:

Алышукуров Жолдошбек — Нарын облусунун Жумгал районундагы «Топоз-Бизон» айыл чарба мал чарбачылык кооперативинин башчысы;

Бедияров Арзыбек Абдуллаевич — композитор, Жалал-Абад облустук Т. Тыныбеков атындагы филармониянын артисти, «Гүлгүн жаш» элдик-эстрадалык-фольклордук тобунун жетекчиси;

Нурунбетов Балтахун Аттокурович — А. Мырсабеков атындагы Ош  мамлекеттик педагогикалык университетинин профессору, Кыргызстан калкы ассамблеясынын Ош бөлүмүнүн төрагасы;

Эскерте кетсек, «Манас» ордени менен Кыргызстандын өркүндөп-өсүшүнө өбөлгө түзгөн, мамлекет жана эл алдында сиңирген эмгеги үчүн, мамлекетти жана демократиялык коомду, элдин биримдигин коргоого жана чыңдоого, өлкөнүн экономикалык, руханий жана интеллектуалдык дараметин арттырууга кошкон салымы үчүн сыйланышат. «Манас» орденинин 3 даражасы бар, ал сыйлык III даражадан I даражага карата ыйгарылат.

Биздин Телеграм каналга катталыңыз
Рубрики: ЖАҢЫЛЫКТАР , КООМ

Поделиться в социальных сетях:

Тема боюнча жаңылыктар

Бардык жаңылыктар >>