Дарыгер: Үгүт учурунда санитардык нормаларды эч ким сактабай, вирусту унутуп калышты

Дарыгер: Үгүт учурунда санитардык нормаларды эч ким сактабай, вирусту унутуп калышты

Вирус менен жашоого көнүшүбүз керек. Бул тууралуу Саламаттык сактоо министрлиги дарыгер Эрмек Исмаиловго шилтеме берүү менен билдирди.

Анын айтымында, коронавирус менен оорунун чокусу 19-июлга туура келип, бир күндө COVID-19 менен ооруган жана пневмониянын оор түрү менен 2 миң 284 бейтап катталган.

«Андан кийин төмөндөө болуп, 14-сентябрда Кыргызстанда буга чейин 47 учур катталган. Жарандардын көпчүлүгү кадимки жашоого кайтып келе башташты. Башкача айтканда, үйлөнүү үлпөт тойлору, акыркы сапарга узатуу зыйнаттары, кафелердеги, ресторандардагы жана түнкү клубдардагы чогулуштар кайрадан башталды. Ушул убакыт аралыгында коронавирус жоголдубу? Албетте жок. Андан жакын арада арылбайбыз, вирус менен жашоого көнүшүбүз керек. Маска кийип, колуңузду таза кармап, социалдык аралыкты сактаңыз. Биз мүмкүн болгон режимдердин бардыгын буздук жана ушулардан кийин экинчи толкунду күтпөйсүзбү?

Бүгүнкү күндө Европада экинчи толкун жөнүндө коңгуроо кагып жатышат, бардыгы шайлоого даярданып, вирусту унутуп калышты. Үгүт учурунда санитардык нормаларды эч ким сактабайт. Экинчи толкун башталды, катталган оорулардын саны мындан ары дагы өсөт », — деди дарыгер.

Рубрики: ЖАҢЫЛЫКТАР , КООМ

Поделиться в социальных сетях:

Тема боюнча жаңылыктар

Бардык жаңылыктар >>