Дарыяга аккан кызды куткарабыз деп 4 адам сууга чөгүп кетти

Дарыяга аккан кызды куткарабыз деп 4 адам сууга чөгүп кетти

Орусиянын Забайкальский крайындагы Онон дарыясында чөгүп жаткан өспүрүм кызды куткарабыз деп 4 адам өздөрү сууга чөгүп кетти.

lenta.ru басылмасынын маалыматына караганда окуя 15-июнда болгон. Анда айылдан алыс эмес жерде дарыядагы сууга түшүп жаткан 15 жаштагы өспүрүм кыз сууга чөгө баштаган. Ошол жердеги адамдар кызды куткарууга аракет кылышып, сууга киришкен.

Натыйжада кызды куткарып калышкан, бирок ага жардам беребиз дегендердин төртөө, 45 жаштагы аял, 41, 58, жана 64 жаштагы кишилер сууга чөгүп кеткен. 

Кийин куткаруучулар келип, 3 эркек кишинин денесин суудан алып чыккан, ал эми аялдын денесин издеп таба алышкан эмес. 

Поделиться в социальных сетях:

Тема боюнча жаңылыктар

Бардык жаңылыктар >>