Эл аралык олимпиада комитети аялдар арасындагы мелдештерге трансгендерлердин катышуусуна тыюу салдыБишкекте Кожевенная көчөсү оңдоого жабылатКыргызстанда органдарды трансплантациялоо программасы кеңейтилүүдө: бөйрөк бекер алмаштырылат, кезекте — боорКыргызстандын Анталия шаарындагы башкы консулу алмашты28-март: Күн ачык жана жылуу болотКыргызстанда айына 1000 тонна продукция чыгаруучу заманбап сүт заводу курулат
Дастан Бекешев парламентте жарандарды кабыл алууда
21.01.2022 | 12:13
Жогорку Кеңештин депутаты Дастан Бекешев коомдук кабылдамага ылайыктуу бөлмө таппай жаткандыктан, парламентте жарандарды кабыл алууда экенин өзүнүн Telegram каналында билдирди.
Эл өкүлүнө WhatsApp же башка социалдык тармактар аркылуу жолугушууга жазылса болот.
Анын айтымында, ал депутат болуп шайланган борбордун Октябрь районуна коомдук кабылдама ачууну көздөп жатат. Азырынча ижара баасы арзан кеңсе таба элек.
«Кичинекей жайлардын да ижара акысы биз үчүн абдан жогору. Ошондуктан мен азырынча парламенттин дубалдарында кабыл алуу уюштуруп жатам», – деди Бекешев.
Рубрики: Жаңылыктар, Коом