Дээрлик 100 күндөн бери ачкачылык кармап жаткан саясатчы Темирлан Султанбековдун аны токтотуп туруу чечимин кабыл алды. Бул тууралуу анын «Фейсбуктагы» баракчасында айтылып, саясатчынын каты жарыяланды.
Саясий куугунтукка каршы 100 күндөй ачкачылык кармаганын айткан Султанбеков ачкачылыкты токтотуп турууга бир нече себеп бар экенин айтты: медициналык текшерүү анын ден соолугу солгундап, тез арада дарылануу керектигин көрсөткөн; ал көп жылдан бери орозо кармагандыктан, быйыл да орозо тутат; туугандарынын, жакындарынын, жарандардын, партияларташырынын, чет элдик кесиптештеринин ачкачылыкты токтотуу тууралуу кайрылууларына кулак салууну чечкен.
Ал ден соолугун оңдоп алып, орозо кармай турганын, андан кийин болушунча эртерээк ачкачылыкты улантарын айтты.
Эскерте кетсек, «Социал-демократтардын» лидери Темирлан Султанбеков, партия мүчөлөрү Ирина Карамушкина, Роза Түрксевер былтыр 17-ноябрда өткөн жергиликтүү кеңештерге шайлоонун алдында добуш сатып алууга шектелип кармалган.
Алар камакка алынып, партиясы шайлоодон четтетилген.
Темирлан Султанбеков ага козголгон кылмыш ишин, камалышын саясий буйрутма деп атап келет. Ошондой эле мыйзамсыз кармалып, укугу тебеленип жатканын айткан саясатчы каршылык катары ачкачылык кармай баштаган. «Азаттык» жазгандай ал суу, «Аралаш» суусундугун жана шире гана ичип жаткан.
Ачкачылык кармагандан бери анын ден соолугу өтө начарлап кеткени айтылып келет.