Салык кызматы мамлекеттик кызматкерлердин 2023-жылы тапкан кирешеси тууралуу декларациясын жарыялады.
Былтыр декабрда кызматтан кеткен Акылбек Жапаровдун декларациясында мурдагы жылы 2 млн 826,6 миң сом киреше тапканы, аянты 77,5 чарчы метр батири бар экени жазылган.
Ал эми анын иниси Рахатбек Жапаров 1 млн 77,5 миң сом киреше тапкан. Анын ээлигинде үй же жер жок. Бирок ал 1 млн 190 миң сомдук унаасы, баасы 6 млн сомго жеткен жылкылары, 5,5 млн сомдук уйлары, 3,5 млн сомдук кой-эчкилери, 1,5 млн сомдук эмереги, 1,3 млн сомдук үй-тиричилик техникасы, 1 млн 150 миң сомдук зер буюмдары жана 525 миң сомдук аудио-видео жана башка техникасы бар экенин көрсөткөн.
Рахатбек Жапаров 2020-жылдын октябрынан тарта Жазаларды аткаруу кызматынын төрагасынын орун басары болуп иштеп, жакында эле 14-январда кызматтан кеткен.