«Дельмар Групп» курулуш компаниясынын жетекчилери кармалды. Окуянын чоо-жайы

26.09.2025 | 17:14

УКМК Бишкек шаарынын «Восток-5» кичи районундагы «Санхаус плюс» турак-жай комплексинин тургундарын алдап, курулуш нормаларын бузган курулуш компаниясынын жетекчилерин кармады.

Жергиликтүү тургундар 24-сентябрда Фейсбукта видео кайрылуу жасап, компаниянын милдеттенмелерин аткарбай, үйдүн ишке берилбей жатканын билдиришкен. Текшерүү учурунда, долбоордо каралган жер астындагы унаа токтотуучу жай коммерциялык объектке айландырылганы аныкталды.

Компаниянын директору О.Б.М. жана көзөмөл жүргүзгөн уюмдун жетекчиси Б.Э.Б. УКМК тарабынан кармалып, убактылуу кармоочу жайга киргизилди. Тергөөнүн жүрүшүндө алар мыйзамсыз аракеттерин моюнга алып, тургундар үчүн унаа токтотуучу жайды уюштурууну убада кылышкан.

“УКМК жарандардын укуктарын коргоо боюнча ишин улантып, курулуш уюмдарынын өкүлдөрүн мыйзамга ылайык иштөөгө чакырат”,-деп айтылат билдирүүдө.

Scroll to Top