Демеу Жадраев: Акжол менин боордошум, родноюм (видео)

Демеу Жадраев: Акжол менин боордошум, родноюм (видео)

Парижде өткөн Олимпиадада грек-рим күрөшүнөн 77 кг салмакта казак балбаны Демеу Жадраев күмүш, Акжол Махмудов коло утту. Эки балбан чейрек финалда күрөшүп, Махмудов жеңилип калган. Бирок Жадраев финалга өткөндүктөн, Махмудов коло байге үчүн беттешти улантууга мүмкүндүк алып, жыйынтыгында үчүнчү орунду алган.

Жадраев казакстандык журналисттерге маек куруп, Акжол Махмудовду боордош катары көрөрүн айтып, «родноюм» деп айткан.

«Акжол менин боордошум, родноюм. Агасы менен күрөшүп жаткандан кийин да жакшылап күрөшө албаган чыгар. Ал да мага келип ошентип айтты. «Финалга чыгыңыз» деп ийгилик каалады. Мен ага бошобо дедим», — дейт ал.

Өзү үчүн эмес, Акжол Махмудов үчүн көбүрөөк сарсанаа болгонун айткан Демеу Жадраев, эгер финалга чыкпай калса, Махмудов да коло үчүн күрөшө албай кала турганын ойлогонун, ошондуктан Махмудов да медаль үчүн күрөшсүн деген жоопкерчилик болгонун билдирген. Бактыга жараша финалга өтүп, Махмудов да үчүнчү орун үчүн күрөшүү мүмкүндүк алганына кубанганын белгилеген.

«Финалга чыгардын алдында да бири-бирибизге ийгилик кааладык», — дейт ал.

Поделиться в социальных сетях:

Тема боюнча жаңылыктар

Бардык жаңылыктар >>