«2040-жылга чейин: Кыргызстанда табиятты коргоонун негизги планы сунушталды»Кытайдын тышкы иштер министри Кыргызстанга келетКыргызстан АКШдан келген автоунааларды көбүрөөк алып жатат, бирок аларга азыраак каражат сарптоодоИшкердикке жеңилдик: уруксат документтери эки эсеге кыскартылатМосквада ШКУга мүчө мамлекеттердин Өкмөт башчыларынын кеңеши чогулдуПатенттер үчүн салык системасы жөнөкөйлөштү: эмне өзгөрдү
Депутат абактагы адамдарды бошотууну сунуштады
26.01.2023 | 10:38
Бүгүн, 26-январда Жогорку Кеңештин жыйынында депутат Жеңишбек Токторбаев Кыргызстандын түрмөлөрүндө отурган адамдарды пробациялык көзөмөл менен эркиндикке чыгарууну сунуштады.
Анын айтымында, өлкөдө учурда 6600 адам, анын ичинен 220 аял киши жана 12 өспүрүм соттолуп, камакта отурушат.
“Камакта отургандардын бардыгы 50 жашка чейинки ишке жарамдуу жарандар экен. Жалпы 6600 адамды каржылоого өкмөттөн жылына 1 млрд сом жумшалат экен. Соттун өкүмдөрүн дагы бир ирет карап чыгып, жеңил кылмыш менен соттолуп, камакта отургандарды пробациялык көзөмөл менен эркиндикке чыгаруу керек”, – деди депутат.
Биздин Телеграм каналыбызга катталыңыз
Рубрики: Жаңылыктар, Коом