Депутат «Ататүрктөгү» үйлөрдү бузуу маселесинен улам бир аял каза болгонун айтты

Депутат «Ататүрктөгү» үйлөрдү бузуу маселесинен улам бир аял каза болгонун айтты

Бишкектеги «Ататүрк» сейил багындагы үйлөрдү түрттүрүү маселесине байланынтуу ал жакта жашаган бир аял нерв болуп, кан басымы көтөрүлгөндүктөн каза болду. Бул тууралуу Жогорку Кеңештин жыйынында депутат Дастан Бекешев билдирди.

Бекешев президенттин жана өкмөттүн парламенттеги өкүлү Алмасбек Абытовго кайрылып, президенттен админисрациясында аталган маселени чечүү жолдорун карап чыгууну суранды.

«Албетте сейил бактын аймагын аныктоо керек болчу. Бирок кимдир бирөөнүн мүлкүн алып коюу, бузуу туура эмес. Токтош керек го. Бул маселени президенттин администрациясында карап берсеңиздер. Мен да сейил бактарды коргоого даярмын. Бирок мурдагы президенттер, мэрлер, депутаттар, прокурорлор уруксат берип койгон экен. Эми азыр биз аны кайра жокко чыгарып, бузганы жатабыз», — деди ал.

Эскерте кетсек, буга чейин калаа башчысы Айбек Жунушалиев «Ататүрктүн» аймагынан курулуш үчүн берилип кеткен 43 гектар жерди сейил бакка кайтаруу тууралуу чечим чыгарган. Ага ылайык жеке колдорго жер берүү боюнча мэриянын буга чейинки 124 токтому жокко чыгарылган. Мындан улам сейил бактын аймагында салынган үйлөр жана башка курулуштар бузулары кабарланган.

Бирок сейил бактагы тамдардын ээлери үйлөрдү мурдагы ээлеринен мыйзамдуу сатып алганын, кызыл китептери бар экенин билдирип келет. Алар мурдагы мэрлер чыгарган чечимди жокко чыгаруу туура эмес деп эсептейт. Ошондой эле бийликтен жеке менчик укугун коргоп берүүнү суранып келишет.

Октябрь районунун акими Жаныбек Орозалиев билдиргендей, кызыл китеби бар жарандардын үйлөрүн түрттүрүү маселеси соттун чечими менен ишке ашырылат. Эгер сот кенемте (компенсация) төлөө менен үйлөрдү бузуу чечимин чыгарса, мэрия ал чечимди аткарат.

Аким: «Ататүрк» сейил багындагы үйлөрдү бузуу иштери соттун чечими менен жүргүзүлөт

Рубрики: ЖАҢЫЛЫКТАР , КООМ

Поделиться в социальных сетях:

Тема боюнча жаңылыктар

Бардык жаңылыктар >>