«Улуулардын ысымдары менен»: ОГКнын мүчөлөрү Чыңгыз Айтматов чокусун багындырыштыБишкектеги фестивалда окумуштуулар космос, адам жана медицина тууралуу айтып беришетСоода-өнөр жай палатасы 10 өлкөгө жаңы өкүлдөрүн дайындадыЖети-Өгүздө муниципалдык мүлктү мыйзамсыз күрөөгө коюу фактысы аныкталдыӨзбекстандын ЖОЖдорунда акысыз окуу үчүн кыргызстандыктарга 20 орун бөлүндүКыргызстанда Telegram, Microsoft жана дагы 9 сервиске кирүүгө чектөө коюлушу мүмкүн
Аты-жөнүн өзгөртүп, өлкөдөн чыгып кеткен шектүү Улан-Батордо колго түштү
29.05.2024 | 11:27
Улан-Батор шаарында 43 жаштагы С.Б. кыргыз жараны кармалды. Бул тууралуу Ички иштер министрлиги билдирди.
Маалыматка караганда, ал ири өлчөмдөгү алдамчылыкка шектелип, эл аралык издөөгө алынган.
“Ал жабырлануучунун ишенимине кирип, электрондук акча каражаттарын сатып алууда пайдалуу курсту убадалап, 100 миң долларын алып алган”, – дейт ИИМ.
Шектүү 2023-жылы Польша кармалып, Бишкекке экстрадицияланган, бирок кылмыш жоопкерчилигинен кутулуп кетүүгө үлгүргөн. Ал фамилиясын өзгөртүп, өлкөдөн чыгып кеткен.
Ал эми Бишкекте Монголияда издөөдө жүргөн 42 жаштагы чет элдик жаран кармалды. Ал жашы жете элек кызды зордуктоого айыпталган.
Рубрики: Жаңылыктар, Коом