Депутат баңгизаттын жеңил түрүн чегүүгө уруксат берүүнү сунуштады

Депутат баңгизаттын жеңил түрүн чегүүгө уруксат берүүнү сунуштады

Жогорку Кеңештин депутаты Дастан Бекешев өлкөдө жеңил түрдөгү баңгизатты чегүүгө уруксат берүүнү сунуштады.

Парламентте баңгизатка каршы күрөшүү боюнча мыйзам каралып жаткан. Талкуу учурунда Дастан Бекешев табигый баңгизаттар кымбаттагандыктан, жаштар андан арзан болгон синтетикалык маңзатка өткөнүн, тыюу салуу менен эле бул көйгөйдү чечип коюуга болбой турганын сөз кылды.

«Баңгизат боюнча саясатты өзгөртүү керек. Адам — алсыз жандык. Ал ичимдик ичкени ичкен, баңгизат чеккени чеккен. Болгону биз алардын кайсынысы көбүрөөк жаман экенин билишибиз керек. Синтетикалык  баңгизат деген өтө жаман. Азыр жаштар эмнеге синтетикалык маңзатты колдонуп жатат? Эмнеге экенин айтсам таң каласыңар. Биз баарын болбойт деп, мыйзамсыз деп, айып салып, камап жатабыз. Балким 18ге толгон жарандарга баңгизаттын бир түрүн — жеңил баңгизаттарды колдонууга уруксат берсек жакшы болот.

Табигый баңгизаттар кымбаттап кеткендиктен, орулуп жок кылынып жаткандыктан, синтетикалык маңзат тапанга жеңил, сатып алганга арзан болууда», — деди ал.

 

Рубрики: ЖАҢЫЛЫКТАР , КООМ

Поделиться в социальных сетях:

Тема боюнча жаңылыктар

Бардык жаңылыктар >>