Жогорку Кеңештин депутаты Марлен Маматалиев билими жок «психологдорду» жарнамалоого тыюу салууну сунуштоодо. Маматалиев тиешелүү мыйзам долбоорун даярдап, ал коомдук талкууга чыгарылды.
Мыйзам долбоорунда айтылгандай, акыркы жылдары адамдарда психологиялык маселелер жаралып, аны чечүүнүн жолун издеп адистерге кайрылгандардын саны арбыды. Ошол эле учурда адамдар психология тармагында билими жок кишилерге кайрылган учурлар кездешет. Ар түрдүү психологдордон жардам издегендердин катарында Кыргызстандын да жарандары бар.
Маселен учурда керектүү билимге ээ болбогон адамдар кеңеш, тренинг, курс сыяктуу психологиялык кызматтарды көрсөтүүдө.
Депутат психологиялык кызмат көрсөткөн киши адамдын ички дүйнөсүнө, сезим-туюмдарына киришип жаткандыктан, аны билими бар адам мойнуна алышы керек деп эсептейт. Болбосо билими жок киши кардарга зыянын тийгизип алышы мүмкүн. Ошондой эле мындай адамдар психологияга илим жана кесип катары көлөкө түшүрөт. Аны менен бирге шылуундуктун таралышына жол берилиши ыктымал.
Психологиялык кызматтарды тиешелүү билими жок адамдар да көрсөтүп жаткандыктан, депутат психологиялык кесиби боюнча жогорку билими жок адамдардын кызматын жарнама кылууга уруксат бербөөнү сунуштоодо.