Орусияда кыргызстандык аскерлердин катышуусунда ЖККУнун машыгуулары аяктадыКыргызстанга миграциялык агым 2025-жылы 15,4 миң адамга жеттиКыргызстанда өлүмдүн көрсөткүчү беш жылда 14%га төмөндөдүФАОнун азык-түлүк бааларынын индекси сентябрда бир жылда 5,8% өстүКыргызстанда төрөттүн жыйынды коэффициенти 2,6га чейин төмөндөдүКыргызстан менен Орусия ветеринария тармагында кызматташуу тууралуу меморандумга кол коюшту
Прокуратура: Таласта мыйзамсыз менчиктештирилген жер тилкелер мамлекетке кайтарылды
19.02.2025 | 18:19
Талас облусунда мыйзамсыз менчиктештирилген жер тилкелер мамлекетке кайтарылды. Бул тууралуу Башкы прокуратурадан билдиришти.
Облустук прокуратура текшерүү учурунда Талас шаарындагы облустук тиш дарылоо поликлиникасына таандык болгон жер тилке, кампа курулмалары жана Манас районунун Семетей айыл өкмөтүндөгү 27 сотых жер мыйзамсыз жеке менчикке өтүп кеткенин аныктаган.
“Прокуратура органдары тарабынан көрүлгөн чаралардын негизинде 11 млн 366,8 миң сомдук жер тилкелер жана курулмалар муниципалдык менчикке кайтарылды”, – деп айтылат маалыматта.
Рубрики: Жаңылыктар, Коом