Депутат: Бишкек менен Ошто “гейлердин” жүрүшү болду. Качан көзөмөлдөйбүз?

Депутат: Бишкек менен Ошто “гейлердин” жүрүшү болду. Качан көзөмөлдөйбүз?

Жогорку Кеңештин 11-марттагы жыйынында депутат Бактыбек Райымкулов Бишкек жана Ош шаарларында 8-мартта өткөн Аялдардын тилектештик маршы тууралуу үн катып, бейөкмөт уюмдар тарабынан уюштурулуп жаткан иш-чараларды көзөмөлгө алуу керектигин айтты.

“2019 жана 2020-жылы Бишкекте болсо, 2021-жылы Бишке менен Ош шаарында “гейлердин” жүрүшү болду. Муну биз качан көзөмөлдөйбүз? Качан тартипке салабыз? Ушул боюнча карабай тим койсок бара-бара облустарга, райондорго, айылдарга чейин жетет.

Буга чейин мыйзамды экинчи окууга чейин алып чыкканбыз. Батыштын кызыкчылыгын коргоогон бейөкмөт уюмдарды мыйзамга киргизип, иштерин көзөмөлдөп, бир жылда кылган ишин ачыкка чыгаруу керек. Мыйзамдын 3-окуусуна алып чыксак”, — деди эл өкүлү

Поделиться в социальных сетях:

Тема боюнча жаңылыктар

Бардык жаңылыктар >>