БШК Нурланбек Азыгалиевди депутаттык мандатынан ажыраттыЧүй проспектиси менен Абдрахманов көчөсүнүн кесилишиндеги жер үстүндөгү конструкция жакынкы арада бузулатСадыр Жапаров кыргызстандыктарды Аталар күнү менен куттуктадыЖК депутаты Нурланбек Азыгалиев мандатын тапшырууга арыз жаздыКыргызстанда англис тили мугалимдерин даярдоо реформасы британиялык эксперттердин колдоосуна ээ болдуЖакынкы Чыгыштан 142 жаран Кыргызстанга эвакуацияланды
Депутат “Эне даңкы” медалын алган аялдарга каражат бөлүүнү сунуштады
23.06.2022 | 11:28
Бүгүн, 23-июнда Жогорку Кеңештин жыйынында депутат Бактыбек Сыдыков “Эне даңкы” медалын алган аялдардын пенсиясына каражат кошуп берүүнү сунуштады.
Анын айтымында, “Баатыр эне” ордени менен сыйланган энелер ай сайын кошумча 1000 сомдон алышат экен.
“Алты баланы төрөп, чоңойтуш оңой эмес. “Эне даңкы” медалын алган апалардын пенсиясына кошумча 500-700 сомдон кошуп берүү керек. Бул салыштырмалуу кичине эле акча. Быйыл өлкө боюнча 309 мамлекеттик кызматкердин айлык маянасы көтөрүлдү. Ал эми “Эне даңкы” медалын алган аялдар көңүл сыртында калууда.
Бул боюнча тиешелүү министрликке тапшырма берип, тез арада мыйзам долбооруна өзгөртүүлөрдү киргизүүнү жана “Эне даңкы” медалын алган аялдарга кошумча каражат бөлүп берүүнү өтүнөм”, – деди депутат.
Рубрики: Жаңылыктар, Коом