Кыргызстанда 2023-жылга чейин туристтер үчүн 68 эс алуу жайы курулат

Кыргызстанда 2023-жылга чейин туристтер үчүн 68 эс алуу жайы курулат

Туризмди өнүктүрүүнү колдоо фонду эң көп туристтик каттамдарда жана шаарлар аралык каттамдарда туристтер үчүн RestPoint – эс алуу пункттарын курууну баштады. Бул тууралуу Бишкекте өткөн маалымат жыйынында аталган фонддун жетекчиси Елена Калашникова билдирди.

«2023-жылдын сезонуна карата алардын саны 68ге жетет, быйыл 21и ачылат. RestPoint кура турган подрядчылар ишке киришти. RestPoint – саякатчылар жана туристтер үчүн токтоочу жай, маалымат алуу, гаджеттерди заряддоо мүмкүнчүлүгү. Бул жерде сиз террасадан кофе ичип же душка түшсөңүз болот. Ажаткана, чакан дүкөн жана кофекана, смартфон жана электромобилди кубаттоочу пункттар бар», — деп баса белгиледи Елена Калашникова.

Туризм бизнесин өнүктүрүү үчүн эң жагымдуу шарттарды түзүү максатында Министрлер Кабинетинин буйругу менен «Кыргыз Республикасында туризмди өнүктүрүүнү колдоо фонду» ААК түзүлгөн. Фонддун уставдык капиталы 1 миллиард сомду түзөт.

Рубрики: ЖАҢЫЛЫКТАР , КООМ

Поделиться в социальных сетях:

Тема боюнча жаңылыктар

Бардык жаңылыктар >>