Бүгүн, 30-январда Жогорку Кеңеште «ар кандай» маселелер сааты өттү. Анда депутат Алмазбек Эргешов Аксы районунун борбору аталган Кербен шаарында заманбап стадион жок экенин билдирди.
«Аксы районунун борбору Кербен шаарында 30 миң адам жашайт, бирок ушул кезге чейин жарытылуу стадиону жок. Ошондон улам, жаштар түзгөн футболдук команда кайда барып ойнорун билбей отурат. Алар заманбап стадион куруп берүү өтүнүчү менен кайрылууда.
Ырас, стадион курууга 3,5 гектар жер бөлүнгөн, бирок ал какыраган талаа бойдон турат. 2012-жылы эле документтери даярдалганына карабастан, ушул кезге чейин анын куруу жумуштары баштала элек. Аймактар өнүктүрүү жылында ошол курулушту бөткөрүп берсе жакшы болмок», — деп кошумчалады депутат.