Саламаттык сактоо министрлиги: Кытайдан келген 12 кыргызстандык ооруканада жатат

Саламаттык сактоо министрлиги: Кытайдан келген 12 кыргызстандык ооруканада жатат

Саламаттык сактоо министрлиги Кыргызстандагы эпидемиологиялык абал туруктуу болгонун, коронавирустун тастыкталган учуру катталбаганын маалымдады.

Учурда саламаттык сактоо уюмдарынын бокс тибиндеги палаталарына 12 адам жаткырылды. Алардын баары Кытайдын жогорку окуу жайларында билим алган студенттер. Ысык-Ата аймактык ооруканасында алты, Москва аймактык ооруканасында алты студент үзгүлтүксүз медициналык кароодон өтүп жатат. Алардын абалы канааттандырарлык, коронавирустун белгилери табылган жок.

Министрлик жугуштуу оорулардын эрежесине ылайык, вирус табылган аймактардан келген адамдар так диагноз коюлганга чейин керектүү болгон лабораториялык изилдөөлөрдөн өтүшү керек экенин маалымдайт.

Рубрики: ЖАҢЫЛЫКТАР , КООМ

Поделиться в социальных сетях:

Тема боюнча жаңылыктар

Бардык жаңылыктар >>