Жергиликтүү бийликтерге митингдер өтө турган жерди аныктоо укугун берүү сунушталуудаРоссиялык «Вкусно — и точка» тармагы 2026-жылы Кыргызстанда алгачкы ресторандарын ачатДэн Сяопин проспектисинин дагы бир түштүк тилкеси оңдоого жабылатУлуттук банк: «Оптима Банк» аркылуу эң көп алдамчылык операциялары жасалганМына алар, солдон оңго карай: Маданият министри кыргыз рэперлери менен жолугуштуАкысыз медициналык кызмат көрсөтөт: Араванда мобилдик мульти-диагностикалык комплекс ишин баштады
Депутат: Караколдо төрөт үйүндө 1,5 сааттан бери дарыгер жок
14.02.2022 | 17:03
Саламаттыкты сактоо министри Алымкадыр Бейшеналиевге депутат Талайбек Масабиров Жогорку Кеңештин комитет жыйынында Ысык-Көл облусунун Каракол шаарындагы төрөт үйүндө 1,5 сааттан бери дарыгер жок болуп жатканын айтып, көзөмөлгө алууну суранды.
“Азыр мына жардамчым чалып, Караколдо төрөт үйүндө 1,5 сааттан бери дарыгер жок деп жатат. Министр мырза ушуга көңүл бөлүп коюңузчу. Ошол жерде төрөй турчу аялдын кан басымы 20-80ге түшүп калыптыр”– деди депутат.
Министр Алымкадыр Бейшеналиев “макул” деп жооп кайтарды.
Рубрики: Жаңылыктар, Окуялар