Кызыл зонада иштегендерге вакцина албаса компенсация берилбейт. Эмнеге?

Кызыл зонада иштегендерге вакцина албаса компенсация берилбейт. Эмнеге?

Эне жана баланы коргоо борбору дарыгерлер  үчүн бериле турган компенсацияны “вакцина албагандар үчүн берилбейт”- деп жатат. Бул туурасында Reporter.kg′ге дарыгерлер билдиришти.

“Былтыртан бери  коронавирус болуп жатканда кызыл зонада иштеген дарыгерлер үчүн атайын акчалай компенсация төлөнмөк. Милдеттүү медициналык камсыздандыруу фонду болсо атайын документтерди алып келишсе эле компенсация берилмек деп жатышат. Ал эми аталган борбордун башкы дарыгери, бөлүм жетекчилер эмделбегендер үчүн акчалай компенсация берилбейт деп, атайын документтерге кол койбойт жатат” – дешүүдө.

Ал эми Саламаттыкты сактоо министри Алымкадыр Бейшеналиев Жогорку Кеңештин тармактык комитет жыйынында компенсация алууда атайын 10 эрежеге жооп бергендер алат, анын бири нормага жооп бербесе компенсация алууга укуктары жок экенин билдирди. Ал эми дарыгерлер бардык талаптарга жооп берээрин айтып, жөнү жок жерден компенсациядан качып жатканына нааразы болууда.

Поделиться в социальных сетях:

Тема боюнча жаңылыктар

Бардык жаңылыктар >>