Депутат Карашев: Өлкөдө каатчылык күч алууда, Өкмөт атайын программа иштеп чыккыла

Депутат Карашев: Өлкөдө каатчылык күч алууда, Өкмөт атайын программа иштеп чыккыла

Бүгүн, 8-апрелдеги Жогорку Кеңештин жыйынында бир катар социалдык-экономикалык маселелер көтөрүлдү.

Жыйында депутат Аалы Карашев өлкөдө каатчылык күч алууда экенин айтты.

«Өкмөттүн курамын, түзүмүн жана программасын бекиткенибизге үч айдай болду. Бирок өлкөдөгү абал өзгөрбөй, тескерисинче каатчылык күч алууда. Азык-түлүк, күйүүчү май кымбаттап, ал тургай паспорттордун бланкасы да аз экени айтылды. Коронавирустан жабыркагандар азайбай жатат, доллардын куну өсүүдө» — деп, Өкмөттү атайын программа иштеп чыгууга чакырды.

Поделиться в социальных сетях:

Тема боюнча жаңылыктар

Бардык жаңылыктар >>