Адылбек Касымалиев Шымкентте Евразия өкмөттөр аралык кеңешинин тар жыйынына катыштыСокулукта 9 жаштагы Нурислам дайынсыз жоголууда27-мартка карата аба ырайыИшкананын каражатын жеке эсебине которуп турган. «Кыргыз почтасынын» мурдагы башкы эсепчиси кармалдыЭкспорттук рекорд: Өзбекстандын тышкы соодасынын көлөмү 35 жылда 18 эсеге өстүОшто туристтик сезон расмий түрдө ачылды
Депутат: Микрокредит компаниялары өз милдетин аткарбай калды
22.09.2021 | 11:07
Микро кредиттик компаниялар өз милдеттерин аткара албай калды. Аз пайыздык ченем насыя бериши керек эле, бүгүнкү күндө олчойгон пайыз менен кредит берип жатышат. Бул туурасында Жогорку Кеңештин депутаты Саматбек Ибраев парламентте билдирди.
Анын айтымында, Кыргызстанда жалпы 134 микро кредиттик компаниялар бар. Алар 5 млн сомдук уставдык капитал менен ачылат экен. Мына ушундай жагдайлардан улам көбөйүп кетти. Элге көп пайыз менен насыя берип жатып, кыйнап бүтмөй болду. Дүйнөдө эң көп пайыздык чен менен кредит берген жагынан Кыргызстан “чемпион” болдук.
Ошол себептен финансылык системаны өзгөртүү керектигин кошумчалады.
Рубрики: Жаңылыктар, Экономика