БШК Нурланбек Азыгалиевди депутаттык мандатынан ажыраттыЧүй проспектиси менен Абдрахманов көчөсүнүн кесилишиндеги жер үстүндөгү конструкция жакынкы арада бузулатСадыр Жапаров кыргызстандыктарды Аталар күнү менен куттуктадыЖК депутаты Нурланбек Азыгалиев мандатын тапшырууга арыз жаздыКыргызстанда англис тили мугалимдерин даярдоо реформасы британиялык эксперттердин колдоосуна ээ болдуЖакынкы Чыгыштан 142 жаран Кыргызстанга эвакуацияланды
Депутат: Министрликтер үч сүйлөм жооп жазса, он ката кетет
14.04.2022 | 11:53
Жогорку Кеңештин депутаты Эмил Жамгырчиев министрликтерден келген жооптордогу каталарга нааразылыгын билдирди.
“Ар бир жыйында депутаттар тарабынан көптөгөн сунуштар берилет. Бирок, анын баары кагаз жүзүндө эле калып жатат. Акыркы бир мисалды алсак, министрликтин жетекчилигинин атын айтпай эле коёюн, болгону 3 сүйлөм жазса, андан он ката чыгып жатат. Мындайларды жетекчилик карашы керек да. Маңызын да караган жок, жөн эле жаза беришкен. Ар бир кагаз бири-бирине коёндой окшош жообу, бир эле шаблон менен жооп бере беришет. Чогуу иштеп жаткандан кийин жоопторун кунт коюп окуп, ошого жараша жооп беришсе”-деди эл өкүлү.
Рубрики: Жаңылыктар, Саясат