Депутат Сабиров оор кырдаал учурунда өкмөт башчынын өргүүгө чыгышын сынга алды

Депутат Сабиров оор кырдаал учурунда өкмөт башчынын өргүүгө чыгышын сынга алды

Бүгүн, 3-июндагы Жогорку Кеңештин жыйынында депутат Закир Шарапов чек ара маселеси боюнча биринчи вице-премьер-министр Кубатбек Бороновдун маалыматын  угууну сунуш кылды.

«Баткенде эл менен жолугушкан учурда Кубатбек Боронов чек арага байланыштуу  маселелер парламенттик комиссиянын  тыянагынан  кийин гана чечилет деп айтты. Бирок, Өзбекстан тараптын жетекчилери башкача маалыматтарды берип жатат. Ошондуктан, бул боюнча Кубатбек Бороновдун маалыматын угуп койсок”, — деди депутат.

Ошондой эле жыйында депутат Максат Сабиров чек арадагы абал туруксуз болуп, пандемияга байланыштуу карантиндик абал сакталган жагдайда премьер-министрдин өргүүгө чыгышын сынга алып, бул жаатта тийиштүү иштерди жасоо боюнча тармактык комитетке тапшырма берилишин талап кылды.

«Азыр вице-премьер-министрлерге баарын таштап коюп, эс ала турган убак эмес»,- деди Сабиров.

Рубрики: ЖАҢЫЛЫКТАР , КООМ

Поделиться в социальных сетях:

Тема боюнча жаңылыктар

Бардык жаңылыктар >>