Депутат Сабиров: Кумтөрдө эки жолу авария болуп, үч адам өлдү, ушул кезге чейин анын жыйынтыгы жок,

Депутат Сабиров: Кумтөрдө эки жолу авария болуп, үч адам өлдү, ушул кезге чейин анын жыйынтыгы жок,

 «Кумтөр» алтын кенинде эки жолу авария болуп, үч адам өлдү, ушул кезге чейин анын жыйынтыгы жок, авариянын себептери аныктала элек. Бул тууралуу бүгүн, 20 февралда Жогорку Кеңештин «ар кандай» маселелер саатында депутат Максат Сабиров билдирди.

Эл өкүлү кыска мезгил аралыгында эле «Кумтөр» алтын кенинде эки жолу авария болуп, үч адам өлгөнүн айтты.

«Авариялардын жана адамдардын өлүмүнүн негизги себептери азыркыга чейин так аныктала элек. Жергиликтүү тургундар өтө нааразы. Ошондуктан, депутаттык комиссия түзүп, адам өлүмүнө алып келген кырсыктардын себебептерин аныктап, анын жыйынтыгы менен кандайдыр бир чараларды көрүү керек.

Депутаттар буга чейин «Кумтөр» алтын кени боюнча бир топ көйгөйлүү маселелерди көтөргөнүнө карабастан, тийиштүү органдар тарабынан жетиштүү чаралар көрүлбөй келет. Ошонун айынан дагы үч адам өлдү. Бул жолу парламент дагы, Өкмөт дагы унчуккан жок. Өкмөттүн комиссия түзүлдү дегени менен, ушул кезге чейин анын жыйынтыгы жок, авариянын себептери аныктала элек. Ошондуктан, бул маселени ошол бойдон калтырганга болбойт», — деди депутат.

Рубрики: ЖАҢЫЛЫКТАР , КООМ

Поделиться в социальных сетях:

Тема боюнча жаңылыктар

Бардык жаңылыктар >>