Депутат Бакыт Төрөбаев күндөн-күнгө абал оорлошуп бара жатканын белгилеп, жалпы республика боюнча өзгөчө абал киргизүүнү сунуштады.
“Бул эпидемия боюнча январь айында эскертилген эле, азыр жыйынтыгында вице-премьер-министр, саламаттык сактоо министри кызматтан бошотулду деп айтылып жатат. Эгер биз ушул бойдон тим койсок абал дагы оорлойт. Ошондуктан өлкө боюнча өзгөчө абал жарыяланашы кажет”, — деди депутат.