Депутат Жамалдинов: Ветеринардык абалга көзөмөл жок, эт саткандар каалаган справкасын сатып алышууда

Депутат Жамалдинов: Ветеринардык абалга көзөмөл жок, эт саткандар каалаган справкасын сатып алышууда

Бүгүн, 31-октябрда Жогорку Кеӊештин «Ар кыл маселелер» саатында депутат Зиядин Жамалдинов ветеринария инспекциясынын ишин сынга алды.

Эл өкүлү малдын башын идентификациялоо башталганы менен аны улантуу, жыйынтыктоо токтоп калгандыгын айтып чыкты. Анын айтымында, ветеринариялык иштердү жүргүзүү жеке ветеринарларга берилип калган.

“Маселен, борбор калаадагы “Ош”, “Аламүдүн” сыяктуу чоӊ-чоӊ базарлардагы малдын этин сатууга көзөмөл жүргүзүү жеке ветеринарларга берилген. Ошол эле маалда алар колдонгон жабдуулар мамлекеттики. Эт менен иштегендер акча менен эттин сапаты боюнча каалаган справкасын сатып алышат экен. Ошентип, ветеринариялык абалга эч кандай көзөмөл жүргөн жок. Кокус кандайдыр бир оору чыкса карапайым элге эле кыйын болуп калат”,- деген нааразычылыгын айтты депутат.

Рубрики: ЖАҢЫЛЫКТАР , КООМ

Поделиться в социальных сетях:

Тема боюнча жаңылыктар

Бардык жаңылыктар >>