Депутат Зулпукаров күйүүчү майдын баасын дагы түшүрүү керектигин айтты

Депутат Зулпукаров күйүүчү майдын баасын дагы түшүрүү керектигин айтты

Жогорку Кеңеште Өкмөттүн былтыркы жылкы отчёту угулуп жатат. Анда депутат Төрөбай Зулпукаров Кыргызстандагы май куюучу жайларда бензиндин баасы дүң баасынан бир топ эле кымбат сатылып жатканын айтып, Өкмөт башчыга кайрылды.

Эл өкүлү Газпромдо бензиндин баасы дүңүнөн 19 сом 40 тыйын болсо, май куюучу жайларда 30 сомдон өйдө экенин белгиледи.

«Кээ бир жерлерде 30 сомдон дагы жогору сатылууда. Монополияга каршы жөнгө салуу мамлекеттик агенттиги каякты карап отурат? Бул маселе боюнча шайлоочулардан 100гө жакын кайрылуу келди. Тиешелүү агенттиктерге азыр тапшырма берип, бензинге болгон бааны түшүртүңүз», — деп кайрылды Зулпукаров премьер-министр Мухаммедкалый Абылгазиевге.

Монополияга каршы жөнгө салуу мамлекеттик агенттигинин директору Шухрат Сабиров жакынкы күндөрү бензиндин баасы дагы 3-4 сомго арзандай турганын билдирди.

«Коронавирус пандемиясына байланыштуу мурдагы кымбат баа менен алынган күйүүчү майлардын запасы тез кетпей, учурда ошол запастар сатылып жатат. Бирок текшерүүлөр жүрүп, бааны түшүрүү боюнча айтылган, алар дагы бааны түшүрөбүз деген убадасын берди», — деди Сабиров.

Поделиться в социальных сетях:

Тема боюнча жаңылыктар

Бардык жаңылыктар >>