Депутаттык мандатын тапшырган Тазабек Икрамов элге кайрылды

Депутаттык мандатын тапшырган Тазабек Икрамов элге кайрылды

Жогорку Кеңештин депутаттыгынан баш тартып, өз ыктыяры менен мандатын тапшырган Тазабек Икрамов социалдык тармак аркылуу элге кайрылуу жасады.

Анда мурунку депутат шайлоочуларына ыраазычылык билдирип, дайыма эл тарапта болгонун жазган.

«Кудайдын буйругу экен, Жогорку Кеңештин эки чакырылышында депутат катары элиме, шайлоочуларыма ак дилимден, чынчылдык менен, таза кызмат кылганга болгон аракетимди жумшадым. Ар дайым эл тарапта болдум. Эң биринчи, эки жолу ишеним көргөзүп, шайлап берген N13- Сузак шайлоо округундагы эл журтума миң мертебе ыраазычылык билдирип, таазим кылам. Ошентсе да, жеке чечимим, өз каалоом менен депутаттык ишмердүүлүгүмдү токтотуп, мандатымды тапшырдым. Буюрса, эл үчүн кыла турган кызматым али алдыда. Буга чейин эл үчүн кандай күйсөм, ошол принцибим күчөйт, азайбайт! Жалпы мекендештериме, шайлоочуларыма дагы бир жолу терең ыраазычылык билдирүү менен, жалпыңыздарга аманчылык, бакубатчылык каалайм!», — деп жазган Икрамов.

Белгилей кетсек, Тазабек Икрамов 19-июлда өз ыктыяры менен депутаттык мандатын тапшырган. Ал 2021-жылы Сузак району боюнча Жогорку Кеңешке депутат болуп шайланып келген. Эми аталган райондо кайра шайлоо өткөрүлөт.

Буга чейин 17-июлда Тазабек Икрамов УКМКга суракка чакырылганын айрым ЖМКлар жазышкан. Ал эмне себептен мандатын тапшырганын ачыктаган эмес. Буга чейин да Жогорку Кеңештеги бир нече депутат мандатын тапшырган.

Дагы бир депутат ЖКдан кетти. Бул ирет Тазабек Икрамов мандатын тапшырды

Биздин Телеграм каналга катталыңыз
Рубрики: ЖАҢЫЛЫКТАР

Поделиться в социальных сетях:

Тема боюнча жаңылыктар

Бардык жаңылыктар >>