Диего Марадона көз жумду

Диего Марадона көз жумду

Футбол дүйнөсүндө эбегейсиз орду бар, мурдагы футболчу Диего Марадона 60 жашында көз жумду. Бул тууралуу Аргентиналык TN телеканалына таянып, чет элдик басылмалар жазып чыгышты.

Маалыматка ылайык, Марадона 30-октябрда ооруканага жаткырылып, башына операция жасалган.

12-ноябрда ооруканадан чыккан. Бирок, бүгүн 25-ноябрда оорусу күчөп, футболчунун жүрөгү токтогон.
Диего Марадона 1986 — жылы Аргентина курамасы менен дүйнө чемпиону болгон.
Өткөн кылымдын эң мыкты футболчуларынын бири катары футбол дүйнөсүндө эң таанымал адам эле.

Рубрики: ЖАҢЫЛЫКТАР , СПОРТ

Поделиться в социальных сетях:

Тема боюнча жаңылыктар

Бардык жаңылыктар >>