Диего Марадонанын сөөгү мавзолейге коюлушу мүмкүн

Диего Марадонанын сөөгү мавзолейге коюлушу мүмкүн

Футбол легендаларын бири, Диего Марадонанын сөөгү эксгумацияланып, атайын курулган мавзолейге коюлушу мүмкүн. Бул тууралуу The Sun басылмасы жазып чыкты. 

Ага ылайык, бул тууралуу Диего Марадона өзү керез кылып,  кат дагы таштап кеткен.»Көп ойлонуп, көзүм өткөндөн кийин менин сөөгүм бальзамдалып, музейге коюлса деген тилегимди айткым келет. Уткан трофейлеримдин жана жеке буюмдарымдын арасында турса экен», — деп жазылат Марадонанын катында.

Мавзолей куруу боюнча маалыматты легендарлуу футболчунун жарандык жубайы да тастыктап, бул идеяны маркумдун балдары да колдоорун айтышкан. 

Футбол дүйнөсүндө эбегейсиз орду бар футболчу Диего Марадона ноябрь айында 60 жашында көз жумган.

Анын башына операция жасалып, бирок дарттын айынан  футболчунун жүрөгү токтогон.
Диего Марадона 1986 – жылы Аргентина курамасы менен дүйнө чемпиону болгон.
Өткөн кылымдын эң мыкты футболчуларынын бири катары футбол дүйнөсүндө эң таанымал адамдардын бири болгон.

 

 

Поделиться в социальных сетях:

Тема боюнча жаңылыктар

Бардык жаңылыктар >>