“Дикий Арман” СИЗОго эки айга камалды

11.01.2022 | 17:39

“Дикий Арман” каймана аты менен таанымал Арман Жумагелдиев Нур-Султан сотунун санкциясы менен эки айга камакка алынганын Tengrinews.kz борбор калаанын сотунун басма сөз кызматына таянуу менен билдирди.

«Нур-Султан шаарынын адистештирилген райондор аралык тергөө соту шектүү Арман Жумагелдиевге карата эки айга камакка алуу түрүндөгү баш коргоо чарасын бекитти», — деп айтылат маалыматта.

Сотко чейинки тергөөнүн башка маалыматтары КЖКнын 201-беренесине ылайык ачыкка чыгарылууга жатпайт.

Жумагелдиевдин кармалганы 7-январда белгилүү болгон. Ал беш кишиден турган кылмыштуу тобу менен бирге Алматыда атайын операциянын жүрүшүндө кармалган. Кармоо учурунда шектүүлөрдөн түрдүү маркадагы жана калибрдеги 4 жарым автоматтык тапанча, алар үчүн ок-дарылар, кырдуу куралдар жана бир бронетранспортёр алынган.

«Алдын ала маалыматтар боюнча, ал чет өлкөдөн былтыр декабрда келип, 5-6-январдагы окуялар учурунда Алматыда болгон. Келүү максатын жана курал-жарактын бар-жоктугун оперативдүү тергөө тобу текшерет», — деп билдирди ИИМ.

Кримавторитет “Дикий Арман” Казакстандагы кырдаал боюнча билдирүү жасады (ВИДЕО)

Scroll to Top