Алматыда тополоңдо набыт болгон экинчи Кыргыз жаранынын аты-жөнү маалым болду. Бул туурасында Кыргызстандын Алматыдагы башкы консулу Назарали Арипов журналисттерге билдирген.
Анын айтуусунда, маркумдун аты-жөнү Бахтияр Базарбаев. Анын сөөгү тийиштүү процедуралардан кийин жакындарына өткөрүп берилет.
Аты-жөнүнөн башка маалыматтар ачыкталган жок.
Казакстандагы башаламандыктан эки кыргыз жараны каза тапты.