Чыңгыз Айдарбеков мандат берүүнү талап кылып БШКга арыз жаздыБашка адамдардын талаасында мал жайган жана чипи жок малды алуу сунушталуудаКР энергетиктери 2026-жылы 13 кичи ГЭСти ишке киргизет — аймактардын тизмесиЖК комитети баатыр энелердин балдарына жеңилдиктерди берүү долбоорун жактырдыСогуштун жыты бар, бирок коркуу жокОшто Алымбек Датка көчөсүнө веложолу бар тротуар куруу иштери башталды
Димаш Кудайберген “Мейкин Азия” фестивалында ырдаш үчүн Чолпон-Атага келди
22.07.2025 | 09:56
Дүйнөгө таанымал ырчы, казакстандык мега жылдыз Димаш Кудайберген Чолпон-Ата шаарында өтүп жаткан IV “Мейкин Азия” эл аралык музыка фестивалына ардактуу конок катары катышуу үчүн Ысык-Көлгө келди. Бул тууралуу кыргыз жазуучусу, драматург
Султан Раев билдирди. Ал жарыялаган сүрөттөргө ылайык, Димашты Раев өзү тосуп алган.

“Димаш 2013-жылы “Мейкин Азия” фестивалынын биринчи баш байге ээси болгон. Он эки жыл ичинде ал дүйнөлүк сахналарды багындырып, Пласидо Доминго, Лара Фабиан, Хаузер сыяктуу атактуу артисттер менен бирге өнөр көрсөттү.
Кыргызстанды өзгөчө жылуу сезимдер менен эскерген Димаш фестивалдын сахнасында жүрөк толкуткан ырларын аткарып, кыргыз-казак достугуна урматын арнайт”,-деп жазган ал.
Рубрики: Жаңылыктар