Дин өкүлдөрүнүн жашыруун аудиосу боюнча Акин Токталиев үн катты

Дин өкүлдөрүнүн жашыруун аудиосу боюнча Акин Токталиев үн катты

Дин иштери боюнча мамлекеттик комиссиянын төрагасы Акин Токталиев, муфтийдин орун басары Кадыр Маликов ж.б. бир нече дин өкүлдөрүнүн чогулуп алып сүйлөшүп жаткан жашыруун аудиосу тарады.

Социалдык тармактарга жарыяланган 10 мүнөттүк аудиодо  алар өлкөдөгү саясий абалды талкуулап, учурда жазылып жаткан Баш мыйзамдын долбооруна шарият сотун киргизүү жана светтик деген сөздү алып салуу боюнча ар кандай ойлор айтылат.

Аталган аудио боюнча Дин иштери боюнча мамлекеттик комиссиянын төрагасы Акин Токталиевге байланышканыбызда, бул монтаждалган деди.

“Мен 5 жылдан бери укук коргоочу катары мусулмандардын укугу тууралуу ар кандай талкууларга катышып келем. Ошондо айтылгандарды эле чогултуп монтаждап салышса керек. Бул тууралуу менин маалыматым жок”, – деди.

Рубрики: ЖАҢЫЛЫКТАР , КООМ

Поделиться в социальных сетях:

Тема боюнча жаңылыктар

Бардык жаңылыктар >>