Сузактагы кырсык: Айдоочу унаадан түшүп, телефон чалып жатканда транспорт жүрүп кеткен

Сузактагы кырсык: Айдоочу унаадан түшүп, телефон чалып жатканда транспорт жүрүп кеткен

Жалал-Абад облустук милициясы Сузактын Жерге-Тал айылында Hyundai Porter унаасы окуучуларды сүзүп кеткен окуя боюнча үн катты.

Милициянын маалыматы боюнча, окуя Жерге-Тал айылынын Катмы жайлоосунда окуучулар арасында  «Манас» айтуу сынагы өтүп жатканда болгон. Милициянын «102» кызматына старшина Т. Айдарбеков чалып, 2-майда болжол менен саат 14:00до 48 жаштагы айдоочу Hyundai Porter унаасын өчүрбөй токтотуп, унаасынан түшүп кеткен учурда, Porter жылып кетип, окуучу балдарды сүзүп кеткенин билдирген.

Аталган факт каттоого алынып, жерине ыкчам-тергөө тобу барган.

Айдоочу милицияга берген көрсөтмөсүндө, демөөрчүлүк кылып кароо-сынакка катышып жаткан балдарга 7 куту балмуздук алып барганын билдирген. Анын айтымында, ал жайлоого жеткенден кийин унаасын токтотуп, унаадан түшүп, айылдык мектептин директоруна «балмуздакты кайсыл жерге жеткирип берейин» деп суроо үчүн телефон чалып жатканда унаасы жүрүп кеткен. Ал унаасынын артынан чуркап, токтотууга жетишпей калган.

Милиция билдиргендей, аталган окуяда жалпы 31 бала жабыркап, 18 окуучу ооруканага түшкөн. Алардын ичинен 4 бала реанимацияга жаткырылып, абалы оор деп бааланууда. 13 бала амбулатордук дарыланууга жөнөтүлгөн.

«Учурда тийиштүү экспертизалар дайындалып, окуяга күбө болгон жарандар такталып суралып, тиешелүү тергөө-ыкчам иштер жүргүзүлүүдө», — деп билдиришти милициядан.

Жерге-Талдагы «Манас» айтуу боюнча сынакка 3 миң бала катышып жаткан.

Сузакта жүк ташуучу унаа 29 баланы сүзүп кетти, 18и ооруканада (видео)

Поделиться в социальных сетях:

Тема боюнча жаңылыктар

Бардык жаңылыктар >>