Сузакта унаа сүзгөн балдардын экөөнө операция жасалды

Сузакта унаа сүзгөн балдардын экөөнө операция жасалды

Жалал-Абаддын Сузак районундагы жайлоодо унаа сүзүп кеткен балдардын экөөнө операция жасалды. Бул тууралуу Саламаттык сактоо министрлиги билдирди.

Министрликтин маалыматы боюнча, учурда операция жасалган балдардын абалы туруктуу. Алар Жалал-Абаддагы балдар ооруканасында жатат.

Азыркы тапта кырсыктан жабыркаган балдардын саны 32ге жетти. Буга чейин 29 бала жабыркаганы кабарланган.

Кырсыктаган окуучулардын ичинен үчөө Сузак аймактык ооруканасына, төртөө Октябрь ооруканасына жана 10 окуучу Жалал-Абаддагы балдар ооруканасына жаткырылды. Калган балдар амбулаториялык дарыланууга жөнөтүлгөн.

«Жалал-Абад облустук балдар ооруканасында 4 адистештирилген медициналык (2 хирургиялык, 1 травматологиялык жана 1 кайра жандандыруу) бригада иштеп жатат.  Дары-дармектер жетиштүү», — деп айтылат маалыматта.

Мекемеден билдиришкендей, министр Алымкадыр Бейшеналиевдин тапшырмасы менен Жалал-Абадга Бишкектен жана Ош шаарынан санавиация аркылуу тиешелүү адистер жана керектүү дары-дармектер кошумча жөнөтүлдү. Ошондой эле министр да жерине жөнөп кеткен.

«Ош облустар балдар ооруканасында адистештирилген медициналык бригадалар жана резервдик керебеттер даярдалды», — деп билдирет министрлик.

Айдоочу унаадан түшүп, телефон чалып жатканда унаасы жүрүп кеткен. Сузактагы кырсыктан чоо-жайы

Рубрики: ЖАҢЫЛЫКТАР , КООМ

Поделиться в социальных сетях:

Тема боюнча жаңылыктар

Бардык жаңылыктар >>