Согуштан кийинки дүйнө: баатыр шаарлар жана эс тутум тууралуу талаш-тартыштарБишкекте иттер сол салган баланы ооруканага жеткирген милиция кызматкери андан кабар алдыБишкекте ЖАМКтын подполковниги бассейнге чөгүп бараткан кызды сактап калды — чоо-жайыКыргызстандык спортчу Венгриядагы дзюдо турниринде биринчи орунду жеңип алдыЧуңкурчакта түлкүнү аткан жарандарга айып пул салындыБишкекте жол тандабас жөө өтмөктөн 25 жаштагы жаранды сүзүп кетип, ал каза тапты
Дин иштери боюнча улуттук агенттик мыйзам талаптарын бузган 10 диний мекеменин ишин токтотту
03.09.2025 | 10:30

Дин иштери жана этностор аралык мамилелер боюнча улуттук агенттик 10 диний уюмдун жана диний окуу жайлардын ишин токтотту. Бул тууралуу аталган агенттиктин басма сөз кызматы кабарлады.
Маалыматка ылайык, аталган диний мекемелер диний чөйрөдөгү мыйзамдарды системалуу бузган, тактап айтканда “Дин тутуу эркиндиги жана диний бирикмелер жөнүндө” мыйзамдын 36-беренесинин 3-бөлүгүн жана 37-беренесинин 1-2-бөлүктөрүнүн талаптарын аткарбаган деп айыпталууда. Алар:
- “Мусульманская религиозная община” диний уюму (ДУ);
- “Тагай Нур” коомдук кайрымдуулук фонду (ККФ);
- “Эл аралык ислам фонду” кайрымдуулук фонду (КФ);
- “Зам-Зам” Ислам кайрымдуулук фонду;
- “Данктоо” ДУ Толук Евангелиялык Чиркөөсү;
- “Истина” ДУ ХЕПЦ;
- “Сокулук” ДУ ЕХЦ;
- “Евангелдик ишенимдеги христиандардын бириккен чиркөөсү “Искупление”” ДУ;
- “Кураан Нуру” Ислам институту диний окуу жайы (ДОЖ);
- “Имам-Азам” ДОЖ.
Дин иштери боюнча агенттик мыйзам бузууларды жоюу жөнүндөгү эскертүү 90 күндүн ичинде аткарылбаса, “Дин тутуу эркиндиги жана диний бирикмелер жөнүндө” мыйзамынын талаптарына ылайык, жогоруда аталган диний уюмдарды жана диний окуу жайларды жоюу маселеси караларын билдирди.
Рубрики: Жаңылыктар, Окуялар