Мыйзам долбоору: Динге чакыруу үчүн үйлөрдү кыдырууга тыюу салуу сунушталууда

Мыйзам долбоору: Динге чакыруу үчүн үйлөрдү кыдырууга тыюу салуу сунушталууда

Кыргызстанда дин тутуу эркиндиги жана диний уюмдары жөнүндө жаңы мыйзам долбоору иштелип чыгып, коомдук талкууга чыгарылды.

Мыйзам долбоору 37-беренеден турат. Документ өкмөт тарабынан демилгеленип, Дин иштери боюнча мамлекеттик комиссия тарабынан иштелип чыккан.

Анда бир катар өзгөртүүлөр сунушталууда, алардын ичинде:

— Үймө-үй кыдырып (диний багыттагы объекттерден тышкары), динди жайылтууга же башка ынанымдагы адамдарды өз динине тартуу үчүн жергиликтүү элдин салттарына, маданиятына каршы келген иш-аракеттерди жасоого тыюу салынат.

— Дин адамдарына мамлекеттик, жергиликтүү бийликтин ишине кийлигишүүгө, кандайдыр бир жол менен басым жасоого тыюу салынат.

— Кызмата отурган адамга кызмат абалын пайдаланып динди жайылтууга же диний ишмердикке тоскоолдук жаратууга, дин туткан кишилерди басмырлоого жол берилбейт.

— Кыргызстандын жараны чет элдеги диний окуу жайда билим алгысы келсе, дин иштери боюнча мамлекеттик орган жана диний башкармалык менен макулдашышы керек. Эгер макулдук албай чет жерге билим алууга чыгып кетсе, анын диплому Кыргызстанда жараксыз болуп калат.

— Диний уюмдардын ишин координациялап, жол көрсөтүп туруу үчүн конфессиялар өзүнүн борбордук башкаруу органын – дин башкармалыгын түзө алат. Бир диндеги диний уюмдардын борбордук диний башкармалыгы бирөө гана болушу керек.

— Ошондой эле кайсы бир диндин аалымы массалык маалымат каражаттарында же интернетте дин маселеси боюнча сөз сүйлөп, маалымат тараткысы келсе, дин башкармалыгы (борбордук башкаруу органы) дин иштери боюнча мамлекеттик органга тиешелүү өтүнүч менен кайрылышы керек. Дин аалымына же дин тутунган адамга мамлекеттик органдын уруксатысыз ММК же интернет аркылуу динге үгүттөөгө тыюу салынат.

Сунушталып жаткан мыйзам долбоору (толугу менен)

Белгилей кетсек, буга чейин диний чөйрөдөгү айрым мыйзамдарга өзгөртүүлөрдү киргизүү сунушталып жатканы белгилүү болгон.

Коомдук жайда жүзүн жаап жүргөндөргө, туткан динине карап адамды басмырлагандарга айып салуу сунушталууда

Рубрики: ЖАҢЫЛЫКТАР , КООМ

Поделиться в социальных сетях:

Тема боюнча жаңылыктар

Бардык жаңылыктар >>