Кыргызстан менен Орусиянын Экспорттук борбору агропродукцияларды жеткирүүнү кеңейтетЖамгыр жаап, күн күркүрөшү күтүлөт: 20-июнга карата аба ырайыКыргызстанда жарандык алуу жана андан ажыроо эрежелери өзгөртүлдүБыйыл Ысык-Ата районунда жалпы 34,5 чакырым жол асфальтталатТокмокто айдоочулук күбөлүк үчүн практикалык сынак өтүүчү жайдын дареги өзгөрдүБишкекте баңгизат таратууга шектелген студент кармалды
Быйыл 7 айда кумар оюндарынан өлкө бюджетине 136,8 млн сом салык түштү
02.09.2024 | 13:20
Быйыл 7 айда кумар оюндарынан өлкө бюджетине 136 млн 888,7 миң сом салык түштү. Бул тууралуу Каржы министрлигинин маалыматыена таянып “Акчабар” жазды.
Салыктын көбү, 129 млн 92,2 миң сом кумарканалардан (казино) түшкөн. Ошондой эле букмекердик жайлар бюджетке 7 млн сом төккөн.
Калган акча оюн автоматтарынан жана виртуалдык кумарканалардан түшкөн салык болуп саналат. Виртуалдык кумарканалардан 1,5 миң сом гана чогултулган.
Белгилей кетсек, былтыр 7 айда кумарканалардан 32 млн 550 миң сом жана букмекердик жайлардан 1 млн 50 миң сом салык жыйналган.
Рубрики: Коом