Дипломат Жаныш Рустенбековдун ысымы өзү туулуп-өскөн айылдагы мектепке ыйгарылды

Дипломат Жаныш Рустенбековдун ысымы өзү туулуп-өскөн айылдагы мектепке ыйгарылды

Мамлекеттик, саясий ишмер, дипломат маркум Жаныш Рустенбековдун ысымы өзү туулуп-өскөн айылдагы мектепке ыйгарылды. Бул тууралуу райондук билим берүү бөлүмүнөн билдиришти.

Рустенбеков Чүйдүн Ысык-Ата районунун Кеңеш айылында жарык дүйнөгө келген. Аталган айылдагы мектепке анын ысымы ыйгарылып, салтанатуу иш-чара болуп өттү. Ага Ысык-Ата райондук мамлекеттик администрациясынын кызматкерлери, мектептин мугалимдери, окуучулары, айыл тургундары, ошондой эле Жаныш Рустенбенковдун жакындары жана кесиптештери катышты.

Жаныш Рустенбеков өмүр бою мамлекеттик кызматтарда иштеген. Ал президенттин аппарат жетекчиси, мамлекеттик катчы, өзгөчө кырдаалдар министри, Ош облусунун губернатору кызматтарын ээлеген. Ошондой эле легендарлуу парламенттин депутаты болгон.

Андан тышкары, Кыргызстандын Казакстан, Түркмөнстан жана Тажикстандагы элчиси кызматтарын аркалаган.

Рустенбеков 2023-жылы июлда 74 жаш курагында узакка созулган оорудан кийин көз жумган.

Рубрики: ЖАҢЫЛЫКТАР , КООМ

Поделиться в социальных сетях:

Тема боюнча жаңылыктар

Бардык жаңылыктар >>