Эрте никеге туруу туруктуу көйгөй бойдон калууда — акыйкатчыБишкекте Kaspi эсептерин ачуу үчүн кыргызстандыктарды азгырган схема аныкталдыОш шаарында көп кабаттуу үйлөрдүн тышын актап-сырдоо иштери жүрүүдөБишкектин Кара-Жыгач конушунда №91 мектептин жаңы окуу корпусу салынуудаЧүйдөгү интернатта өспүрүмдүн сабалганы милициядан жашырылганКыргызстандын футбол боюнча курама командасы канча турат жана эң кымбат оюнчу ким?
Минкаб башчысы: Жасалма интеллект адамды алмаштыра албайт
24.10.2025 | 12:45

Министрлер Кабинетинин төрагасы Адылбек Касымалиев жасалма интеллекттин өнүгүшү айрым адистиктерди алмаштырат деген кооптонуулар боюнча пикирин билдирди.
«Жасалма интеллект айрым кесиптерди өзгөртүшү мүмкүн, бирок адамды алмаштыра албайт. Адамды технологияны жакшы өздөштүргөн башка адам гана алмаштыра алат», — деди Касымалиев.
Өкмөт башчы ошондой эле кинематография, маданият жана башка тармактарда иштегендердин технологиялык көндүмдөрүн жогорулатуу маанилүү экенин белгиледи.