Бишкек абанын булганышы боюнча 13-орунду ээледиКышкы каникул расмий түрдө 12-январга чейин узартылдыПрезидент эмдиги жылы апрелден тарта айлык акылар көбөйтүлөрүн айттыСаламаттык сактоо министрлиги бейтапканалардагы узун кезектин себебин түшүндүрдүЕАЭБ менен Индонезия эркин соода жөнүндө келишимге кол коюштуАрашан айылынын информатика мугалими балдарды санариптик келечекке кантип даярдап жатат
“Дөө Чыңгызды” уктап жатканда өлтүрүшкөн, – Мотуев
31.07.2022 | 23:41
“Дөө Чыңгызды” уктап жатканда өлтүрүшкөн. Антпесе, ал мууздаганга жол бербейт болчу. Мындай пикирин саясатчы Нурлан Мотуев өзүнүн социалдык тармактагы баракчасында билдирди.
Анын айтымында, кримтөбөл Камчы Көлбаев “Дөө Чыңгызды” 2015-жылы Жалал-Абал облусундагы абакта “положенец” кылып дайындаган. Ошондон бери ал түрмөдө адамдарды намаз окуганга үндөп, бардык маселени шариат менен чечип калган.
“Зонадагыларда колунда бычак болот. Дөө Чыңгыздын бою эки метр болгон чоң жигит болчу. Менимче аны уктап жатканда муздап салышты, антпесе “Дөө Чыңгыз” ал жигитке моюн бермек эмес” – деди Мотуев.
Жаза аткаруу мамлекеттик кызматы 30-июлда «Дөө Чыңгыз» каймана аты менен белгилүү кримтөбөл Чыңгыз Жумагуловдун өлтүрүлгөнүн билдирген.
Бардык жаңылыктар Телеграм каналда
Рубрики: Жаңылыктар, Коом