Боомдо сел агызып кеткен “Тойотаны” куткаруучулар издеп жатат

Боомдо сел агызып кеткен “Тойотаны” куткаруучулар издеп жатат

Боом капчыгайында сел агызып кетиши мүмкүн делген “Тойота Сиенна” үлгүсүндөгү унааны Өзгөчө кырдаалдар министрлигинин куткаруучулары издеп жатышат.

ӨКМдин басма сөз кызматы билдиргендей, Бишкек — Нарын — Торугарт жолунун 135-чакырымында сел жүрүп, унааны Чүй дарыясына агызып кеткени тууралуу маалымат түшкөн.

Окуя болгон жерде 5 куткаруучу иштеп жатат.

30-июлда Боомдо сел жүрүп, Кыз-Күйөө айылы жабыркаган.

Бүгүн эртең менен эки тарапта жол кыймылы ачылды.

Буга чейин Боом капчыгайында тоодон түшкөн суу унааларды кошо агызып жатканын күбөлөр билдиришкен. 

Бардык жаңылыктар Телеграм каналда

 

Рубрики: ЖАҢЫЛЫКТАР , КООМ
Тэги: сел

Поделиться в социальных сетях:

Тема боюнча жаңылыктар

Бардык жаңылыктар >>