ДССУ дүйнө жүзүндөгү өлкөлөрдү жаңы пандемияга даярданууга чакырды

ДССУ дүйнө жүзүндөгү өлкөлөрдү жаңы пандемияга даярданууга чакырды

Дүйнөлүк саламаттыкты сактоо уюму (ДССУ) дүйнө жүзүндөгү өлкөлөрдү жаңы пандемияга даярданууга чакырды. Тиешелүү билдирүү ДССУнун сайтында жарыяланды, деп билдирет РИА Новости.

Өзгөчө кырдаалдарга даярдануу үчүн күчтүү инфраструктурасы бар өлкөлөр коронавирустун жайылышын ооздуктоо жана көзөмөлдөө боюнча ыкчам аракеттенүү жөндөмүн көрсөттү деп билдирет уюм.

Буга чейин ДССУнун башкы директору Тедрос Адан Гебресиес COVID-19дан айыккандар үчүн узак мөөнөттүү кесепеттерди санап өткөн.

Анын айтымында, бул таасирлер организмдин маанилүү системаларына зыянын тийгизет. Алар: чарчоо, жөтөл, дем алуу кыйынчылыгы, сезгенүү жана негизги органдардын ичинен өпкөгө жана жүрөккө зыян келтирет.

Поделиться в социальных сетях:

Тема боюнча жаңылыктар

Бардык жаңылыктар >>