ДСУ: Кыргызстандагы 770 миңден ашык киши психикалык жактан жабыркайт

ДСУ: Кыргызстандагы 770 миңден ашык киши психикалык жактан жабыркайт

Кыргызстандагы элдин 11%ы же 770 миңден ашык киши психикалык жактан жабыркайт. Бул тууралуу Дүйнөлүк саламаттык сактоо уюмунун Кыргызстандагы өкүлчүлүгү билдирди.

Өкүлчүлүктүн маалыматы боюнча, Кыргызстанда өспүрүмдөрдүн үчтөн бири шылдыңдоого-кемсинтүүгө дуушар болот. Бул нерсе алардын физикалык жана психикалык саламаттыгына терс таасирин тийгизип, окууга болгон кызыгуусу жок кылат, стресске алып келет.

2023-жылдагы маалымат боюнча Кыргызстанда 51 миң киши психикалык жактан жабыркайт деп расмий каттоодо турган.

Рубрики: ЖАҢЫЛЫКТАР , КООМ

Поделиться в социальных сетях:

Тема боюнча жаңылыктар

Бардык жаңылыктар >>